Жалал-Абад облусунда 5 килограммдан ашуун баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда 5 килограммдан ашуун баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош-Бишкек унаа жолунун 323-чакырымынан, Токтогул районунан борбор калаанын 42 жаштагы Т.Б. аттуу тургуну кармалган. Ага тиешелүү буюмдарын текшерүү маалында колунда көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинен скотч менен оролгон, кара куурай жыттанган зат табылган. Тиешелүү экспертизадан ал жалпы салмагы 5 килограмм 300 грамм гашиш экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
simone
2016-03-19 12:57:46
Акчага байланган немего?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан