Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматында кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча өтүнүч каттар уруксат берүүчү ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан отурумда каралды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Отурумда буга чейин юридикалык жана жеке жактардан түшкөн кыргыз өлкөсүнүн аймагына чет элдик жумушчуларды тартуу жана колдонуу боюнча 57 өтүнүч жана чет элдик жарандардан жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча 13 арыз каралды. Жыйынтыгында 1458 адисти кыргыз жергесинде иштетүүгө жана 13 чет элдик жаранга ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Анын ичинде "Бишкек шаарынын жылуулук борборун жакшыртуу" улуттук долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан 750 адиске өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилди.
Түшкөн кайрылуулардын санына карабастан, аталган комиссия тарабынан жума сайын отурум өткөрүлүшү пландалууда.