Кыргыз режиссёру Нуржамал Дамирдин кыска метраждуу "Фрунзе" тасмасы үстүбүздөгү жылдын 11-22-майларында өтө турган Эл аралык Канн фестивалынын каталогдоруна кошулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Нуржамал Дамир 2013-жылы "Өгүз аял" тасмасын тартып, ийгиликке жетишкен. Белгилүү франциялык киноэксперт Жоэль Шапрондун айтымы боюнча, аталган фестивалдын "Short Film Corner" бөлүмүндө дүйнө жүзү боюнча тартылган кыска метраждуу тасмаларды көрүүгө болот. Ал жакта эл аралык фестивалдардын уюштуруучулары өздөрүнүн форумдарына жайгаштырууга тасмаларды тандашат, андан сырткары ар кандай телеканалдардын өкүлдөрү мыкты тасмаларды сатып алууга аракет кылышат.