ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Мындан 99 жыл мурун "кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан Сабира Күмүшалиева туулган

Мындан 99 жыл мурун, 1917-жылы 19-мартта кыргыз маданиятынын өзүнчө бир доорун басып өткөн сахна чебери, "кыргыз театрынын Умай энеси" атыккан, кыргыз жана советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрүп, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.

Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрына кабыл алынып, алгачкы жолу Касымалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
1957-жылы театр искусствосу жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти", андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган. Ал Даңк медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы Эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон.
Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам-бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" ж.б. тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугуна да данакер болгон, ошондой эле кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда да роль жараткан. Улуу актриса "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямадагы кадыр түн" ж.б. кинолордо кайталангыс образдарды жараткан. Мындан сырткары "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган.
Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
19-марттын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KYRGYZJERI
2016-03-20 17:28:29
Биздин улуу инсандарды эске салып турганынарга рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан