Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, 62 адам каза тапты, анын ичинен төртөө жаш балдар. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, учактын ичиндеги 55 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгону болжолдонуп жатат. Каза тапкан жарандардын көбү орусиялыктар экени айтылууда.