Орусияда кырсыкка учураган учактан 28 жаштагы кыргыз жараны да каза тапканы аныкталды

Ростов-на-Донуда кырсыкка учураган учактан кыргыз жараны, стюардесса Жылдыз Насирдинова каза тапканын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктаган учактын экипаж мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны, 28 жаштагы Жылдыз Насирдинова да бар.

Айта кетсек, Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Patriot..kg
2016-03-19 17:05:38
Көңүл айтам
+8
tengara
2016-03-19 17:19:35
Кайда журсок дагы баарыбыз аман бололук. Ар бир минута акыркы болуп калышы мумкун , конулдор оорубасын!
+9
lolo.1
2016-03-19 17:22:59
Кааап десе аябай окунучтуу((( жалындаган жаштык ай
+5
Svoboda83
2016-03-19 17:31:47
Оо Жаратканым ушул пенделердин билип билбей кылган куноолорун кечиргин Жаннатын эшигин ачып ушул бейкуноо коз жумган пенделерге жаннаттан жай бере кор Аминь!
+7
aibo_85
2016-03-19 17:39:16
Жылдыз стюардесса экен, экипаж мучосу. Жакындарына сабыр тилеймин.
+1
Nuraika85
2016-03-19 17:41:57
Айтпай келген кырсыктан жараткан баарыбызды сактасын ал эми жердешибиздин жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабырдуулук берсин.Азыр орус каналдарынан кордум эле стюардессанын бир кыргыз жараны деп.
+7
Dadasdasd
2016-03-19 17:45:37
Аллах куноосун кечирип . Бейишин берсин.
+2
alik00
2016-03-19 22:50:03
Жайын жанатан берсин
+1
Bakulya30
2016-03-19 23:19:06
Ыйманы саламат болсун. Окунучтуу ата-эне,жакындары сыздаап кала бердии.
0
Sveta23
2016-03-19 23:20:41
бечара кыз..
0
suiuktuujar
2016-03-19 23:49:27
Жакындарына сабырдуулукту тилейм
0
Nazik85.85
2016-03-20 07:54:05
Жаткан жери жайлуу,жургон жери бейиш болсун!
0
Ebik
2016-03-20 10:46:51
Бул ажал еч ким тосо албайт кимге кантип ажал келет аны бир кудай билет бугун бар ертен жокбуз
0
jeju
2016-03-21 13:02:40
Жаткан жери жайлуу болсун жараткан озу сабыр берсин бир туугандарына.
0
abde-7082
2016-03-26 16:20:03
Айтпай келген кырсыктан жараткан баарыбызды сактасын ал эми
жердешибиздин жаткан жери жайлуу болсун жараткан озу сабыр берсин бир туугандарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан