SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу болгум келет, супсулуу..." темасы талкууланууда.
Автор: "Акыркы кезде жасалма сулууларды көрүп азгырылып кетип жатам. Эгер кө-өөп акчам болсо, эмнемди жасатат элем деп ойлонуп жүргөн учурум. Мен татуаж, евросурма жасатмакмын, анан кошумча "попа" да мага ашыктык кылмак эмес эле. Араңарда мага окшоп кыялдангандар барбы? Кимдин кайсы жери "жасалма" же келечекте "оңдоп-түздөйүн" деген планы бар?"- деп суроо калтырган.
Көпчүлүк колдонуучулар мурдун, көзүн, бетин жана башка дене мүчөлөрүн оңдотууну каалашса, дагы бири: "Акчам болсо, анан апам уруксат берсе, далыма "прям" толугу менен эки учуп турган канатты татуировка кылып тарттырмакмын. Бул менин кыялым! Аткарылабы же жокпу, билбейм... Бирок өлгүчө ушул тилегимди ишке ашыргым келет. "Мына ушул сулуулуктун шедеври" деп өзүмө сыймыктанып өтмөкмүн",- деп жазган.
Буларга каршы да пикирлер айтылбай койгон жок:
"Адам өзү супсулуу болуп жаралган. Чочко же бир дагы жаныбар эмессиңер го, нааразы болгудай?! Адамдын сулуулугу - мүнөзү. Укмуш сулуу болсоң да, кыялың иттей болсо, сулуулугуң бир тыйын. Андыктан мүнөздү оңдосо, ошол сулуу болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.