7-апрель окуясы боюнча дагы 65 адам сурала элек

2010-жылдагы 7-апрель окуясынан жалпы 320 адам жабыр тарткан, алардын ичинен 40 адам жана 25 күбө сотто сурала элек. Бул маалыматты бүгүн, 26-мартта аталган окуя боюнча өтүп жаткан сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу Рыскул Бактыбаев айтты. “Кошумча күбө катары сурала турган адамдарды чакырып бүткөндөн кийин гана эксперттердин жыйынтыгын уксак жакшы болмок”,- деди Бактыбаев. Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев сотто сурала турган кээ бир адамдар абакта отурганын айтты. Мындай билдирүүгө сотко төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков “Эгерде көрсөтмө бере турган адамдар соттолгон болсо, аларды бул жерге алып келе алабыз”,- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан