Бүгүн, 19-мартта Стамбулда дагы бир жарылуу болуп, анда 2 адам каза таап, 10го жакын адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруу Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Учурда бул жардырууну эч бир террордук кыймыл мойнуна ала элек.
Айта кетсек, 13-мартта Анкарадагы Кызылай аянтындагы жардыруудан 37 адам каза таап, 125и жабыркаган эле.