Авиакырсыкта каза болгон стюардесса Жылдыз Насирдинованын жакындары Орусияга жөнөтүлгөнү жатат

Ростов-на-Дону шаарында авиакырсыктан каза тапкан стюардесса, Кыргыз Республикасынын жараны Жылдыз Насирдинованын жакындары Орусияга жөнөтүлгөнү жатат. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен билдиргендей, учурда маркумдун жакындарына тийиштүү көмөк көрсөтүлүүдө. Муну менен элчиликтин консулдук кызматынын өкүлү, диаспора мүчөлөрү алектенип жатканы айтылды. Стюардессанын жакыны чет өлкөдө окуянын алкагында жасалчу тийиштүү процедуралардан өтөт.

Окуя элчиликтин атайын көзөмөлүнө алынды.

Айта кетсек, 19-марттын түнүндө Ростов-на-Дону шаарында Дубайдан учуп келген учак аба майданына коно албай, учактын экипаж мүчөлөрү жана 55 жүргүнчүсү каза тапты. Кырсыкка учураган Boeing-737-800 үлгүсүндөгү учак дубайлык "FlyDubai" компаниясына таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учак аба майданына коно албай, экинчи жолку аракетинде аэропорттун аймагына кулап, жарылган. Айрым эксперттердин айтымына караганда, учактын күйүүчү майы түгөнүп, кырсык ошол себептен да болушу мүмкүн. Себеби кырсыктаган учак аба ырайына байланыштуу коно албай, абада көп убакыт болгон деп болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kuba-savai87
2016-03-19 19:45:16
Мурунку билдируунордо баардыгы орусиянын жарандары экен дебединер беле
+1
Svoboda83
2016-03-19 23:42:58
Kuba-savai87,Супер да интернет булактарынан алышат Орусияда биринчи озубуздун жарандар деп ойлошуп айтып чыгышып акырындык менен тастыктап башка жарандарда бар экенин айтып жазып тизмесин чыгарышты сразу ким бар экенин ким билмек орустар оздору биринчи билбей Супер Кыргызстандан кантип билмек Супер азаматсынар ишинерге ийгилик
+3
Kuba-savai87
2016-03-19 19:45:34
Кудай сакта
+4
Siren90
2016-03-19 20:25:55
Кудайым бардык каза болгондордун жакындарына сабыр берсин.Эмнеге кырсыкка кабылган учактын баары эле Боинг үлгүсүндөгүлөр
+4
Gulu85
2016-03-19 22:04:37
жаман болуптур ыйманы саламат болсун
+2
Take_men
2016-03-19 23:52:24
Жаны Жаннатта болсун. Жакындарына сабыр.
+2
aitowa11
2016-03-20 00:32:42
Авиакомпания бутурсо керек баарын консул мен жасадым дейтко Эми консул эчтеке кылбайт себеби менин досум каза болуп москвада барып жардам сурасам труповоздун номерин берип суйлошкуло озунор деп бизден ушу жардам деп жоноткон званок кылсак кымбат экен интернете арзанын таап жонотконбуз
+2
ediko85
2016-03-20 00:53:15
aitowa11,ооба консул эчтеке кылбайт орточу болуп акча жейт компания дан
+2
a.m.akmoldoev
2016-03-20 00:54:51
жаткан жери жайлуу болсун
+3
kanykey125
2016-03-20 01:19:26
Окунучтуу.жаткан жери жанаттан болсун.кудайым билип билбей кетирген куноосун кечирсин..
+3
Nazikbaigazy
2016-03-20 01:55:42
Эртеден бери орустарда угуп жаман болуптур десем, биздин мекендешда бар турбайбы, ото окунучтуу жакындарына терен кайгыруу менен конул айтабыз, супер инфо,мекендешибиз канча жашта болду экен жакындарынан интервью аласынар деп ишенем,Рахмат.
+1
Isa2014
2016-03-20 02:37:24
Nazikbaigazy,28 жашта. Нарындан болот экен
+2
arzygulR
2016-03-20 02:54:20
Кудай сактасын.каза болгондордун жакындарына сабыр берсин
+1
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-03-20 03:39:17
Ушул Москвадагы консул да бир куну жарылып кетет го ар кимдин акчасын жеп атып.Маркумдардын жаткан жери жайлуу,топурагы торкоо болсун.Ажал ар кандай кылып алат экен,Жылдыздын ата энесине сабыр берсин кудайым
+4
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-03-20 03:41:24
Оо Аллах пенделериндин билип билбей кылган куноосун кечир,жаннаттан жай берип оз кучагына алсын
+3
Jaloshtalnarisbatchui
2016-03-21 09:44:24
Кудайым сабыр берсин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан