Депутат Элмурат Обдунов ЖОЖдо башкы эсепчи болуп турган учурда 136 миң сомду өзүнө ыйгарып алган

“Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындарында бизге сөз берилбей калчу. Ошондуктан депутат Элмурат Обдуновго карата козголгон кылмыш иши жана тергөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка билдирүү жасоону чечтик”. Бул сөздү бүгүн, 26-мартта маалымат жыйын өткөргөн Башкы прокурордун орун басары Уланбек Халдаров айтты. Айтымында, аталган "республикачы" депутатка 2012-жылдын 15-ноябрында кылмыш иши козголгон. Ал 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп турган учурда окуудан айдалган жана келишимдик негизде окуган студенттердин атына жамынып, жалган документтер менен аталган окуу жайдын кассасынан 136 миң сом алганы үчүн айыпталууда. 

Халдаров билдиргендей, учурда Обдуновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу ЖКда депутаттык комиссия тарабынан каралууда. Тергөө учурунда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 300дөй жаран суралган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uty
2013-03-26 13:02:05
мындай ишти баардыгы еле кылат таза иштеген адам кыргызстанда жокко эсе



0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан