Бүгүн, 19-мартта "Жердин сааты" аттуу дүйнөдөгү эң ири массалык экологиялык акция өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын колдоосуна арзыган "Жердин сааты" акциясы 2007-жылы Сиднейде Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен старт алган. Акция саат 20:30дан 21:30га чейин жарыкты жана электр жабдыктарын өчүрүү климаттын өзгөрүү көйгөйү менен күрөшүү үчүн иш-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын көрсөтүү болуп саналат. Буга чейин аталган иш-чарага биздин өлкөбүздүн да бир катар аймактары катышкан.
Айта кетсек, акция старт алгандан кийин бир жыл өтпөй бул демилгени 100 миллион киши колдоого алган. 2013-жылы бул иш-чараны 152 мамлекет колдоп, 7 миң шаар, 2 миллиард киши катышкан. Быйыл бул акцияга дагы 178 мамлекет кошулганы маалым болду.