ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева жашы жете элек жарандарга спирт ичимдиктерин саткан тарапка айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо. Мындай сунуш бүгүн, 26-мартта ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылып, анда айрым эл өкүлдөрү айып пулдун өлчөмүн 5000 сом кылууну белгилешти. Бирок Ниязалиева буга каршы. “Бул сумма өтө эле аз. Чет өлкөлөрдө 2 миң долларга чейин айып салышат”,- деди ал. Анын айтымында, дүкөндөрдө сыртынан жаш көрүнгөн кардарлардын документин талап кылуу керек.