Уктаганда коңурук тарткандар жана таптакыр тартпагандар бар. Айрымдар коңурук тартууну адат же нерв системинен дешсе, айрымдар муну оору деп эсептешет. Айрыкча жаш баланын коңурук тартуусуна өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылып келет. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коңурук тарткан адамга көз карашыңар" деген тема талкууланууда.
Пикирлер түрдүү:
"Коңурук тарткан адамдын жүрөгү же дем алуу органдары начар деп уккам".
"Катуу чарчаганда элдин баары эле коңурук тарта баштайт".
"Адам чалкалап жатканда коңурук тартат жана бул жат көрүнүш эмес. Мазактаган адамдардын өзүн мазакташ керек".
"Коңурук тартуу дагы тукум кууса керек, чарчап деле тартпагандар бар. Коңурук тарткандарды көмкөрөсүнөн жаткырса деле тарта берет".
"Коңурук тарткан адамдын эртең менен башы ооруп, жүрөгү айланып, бир нерселерге бат ачууланат. Тез ойлоно да, бир нерселерди бат эстей да албайт. Анткени түндө дем алуунун бузулуусунан улам организмге, анын ичинде мээге аба жетишерлик деңгээлде барбай, мээнин иштеши бузулган болот. Ошондуктан эгер коңурук тартуу өнөкөткө айланып, бир нече жылга созулуп кетсе, анда кабыл алуу менен эс тутум жоголо баштайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.