7-апрель окуясы боюнча кезектеги сот иши уланууда. Мамлекеттик айыптоочу жабырлануучу Азатбек Ибраимовдон бул күнү Ак үй тарапка кандайча барып калганын сурады. Ибраимов ал окуя тууралуу буларды айтып берди: “Бул күнү Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы болуп элдик митингге баргам. Ал жерде эл менен чогуу Бакиевдин сыртка чыгышын талап кылдык. Чүй-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде тургам. Элге ок атылып жатканын, Ак үйдүн чатырында 3 снайпер жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Саат 15:30да ок атуу абдан күчөдү. Жанымда турган эки адамга ок тийип, жерге кулаганда өзүмдү жоготуп койдум. Ушул маалда элдин баары Киев көчөсүнө качышты. Аларга кошулуп качып бара жатканда сол колумдун уч жагына ок тийди”.