Кыргыз жарандары Казакстандагы парламенттик шайлоодо байкоочу болушту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстанда өткөн Мажилис парламентине депутаттарды шайлоого 17 адамды жиберди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, кыргыз жергесинен барган делегациянын курамына КРнын БШК мүчөлөрү, КРнын Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана КРнын Казакстандагы элчилигинин өкүлдөрү киришти. Байкоочулар өздөрүнүн милдеттерин Астана, Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында аткарышты.

Айта кетсек, кечээ, 20-мартта Казакстан парламентинин Төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо өттү. Шайлоодо мандат үчүн 6 партиянын өкүлдөрү ат салышты. Жарышка түшкөндөр: “Нур Отан”, КНПК, “Ак жол”, “Бирлик”, ОСДП жана “Ауыл” партиялары.

Мажилиске акыркы шайлоо 2012-жылдын январында өткөн.

Мажилистин курамы 107 депутаттан турат: 98и партиялык тизме боюнча шайланып, 9у Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан жылдырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан