"Түркиянын Стамбул шаарында 19-мартта орун алган жардырууга тиешеси бар" деп 5 адам кармалды. Бул тууралуу Түркиянын ИИМинин башчысы Эфкан Алага шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, мындан тышкары шаардын борборунда өзүн өзү жардырган адам Мехмет Озтюрк "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү болгону аныкталды. Ал 1992-жылы Түркиянын Газиантеп шаарында туулганы белгилүү болду.
"Аталган жардыруудан кийин Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы 7 районунда коменданттык саат киргизилген. 20-21-мартта Нооруз майрамына байланыштуу 200 миң полиция кызматкери коомдук тартипти сактайт",- деп жазышат басылмалар.
Айта кетсек, 2016-жылдын 19-мартында Стамбулдагы туристтер көп жүргөн аймак болуп саналган Истиклал көчөсүндө жардыруу орун алган. Анда жан кечти колундагы жардыруучу затты жардырып жиберген. Мындан улам 5 адам (алардын бири өзүн өзү жардырган жан кечти) каза тапкан, 36 адам жаракат алган.