Жогорку Кеңештин имаратында депутаттардын курал алып жүрүүсүнө тыюу салуу керек. Мындай сунушту бүгүн, 26-мартта ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты. Депутат ИИМге шилтеме берүү менен учурда 58 депутатта жалпы 154 курал бар экендигин маалымдады. Алардын ичинде 4 депутат айым бар. “Сыйлык катары берилген куралды мергенчиликте пайдалануу керек. Имараттын ичинде эл өкүлдөрүнүн курал алып жүрүшүнө тыюу салуу кажет. Бул мекемени УКМКнын 9-башкармалык кызматкерлери кайтарат”,- деди эл өкүлү. Ал эми вице-спикер Төрөбай Зулпукаров куралдарды Ак үйгө кирерде атайын сейфке салып коюу керектигин айтты.