Балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга иштегени кеткен аялдын балдары учурда күйөөсүнүн агасыныкында, өзү өлкөдөн кайрадан чыгып кеткен

Балдарын бейтааныш адамга таштап Орусияга иштегени кеткен аялдын балдары учурда күйөөсүнүн агасыныкында. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айлындагы өкүлү Куттубек Абдуллаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Балдарын таштап иштегени кеткен аял ушул жылдын башында келген. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Балдарымды эч кимге бербейм, өзүм багам" деп аларды алып кеткен. Кийинчерээк күйөөсүнүн агасына убактылуу камкордукка таштап, кайрадан иштегени Орусияга кетти. Аларды көзөмөлдөөгө милдеттендирген буйрук чыгарып бердик. Мыйзам боюнча, эгер ал 6 айда келбесе, алардан кабар албаса жана тууган-уруктары чыкпаса гана "балдарын таштап кетти" деп айымды энелик укуктан ажыратсак болот. Биз ай сайын балдарга барып мониторинг жүргүзүп, алардын жашоо шартынан кабар алып турабыз",- дейт Абдуллаев.

Ошондой эле балдардын апасы июнь айына чейин кайтып келбесе, балдарды расмий түрдө күйөөсүнүн агасы өз карамагына өткөрүп алары белгилүү болду.

"Үстүбүздөгү жылдын июнь айында апасынын Орусияга кеткенине 6 ай болот. Эгер ал балдарына кайтып келбесе, күйөөсүнүн агасы аларды расмий түрдө өз карамагына алууга даяр экенин билдирген. Биз да өз кезегибизде анын балдарды багууга шарты бары-жогун караган соң гана андай укукту бере алабыз",- деди Социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Суу айылындагы өкүлү.

Эске сала кетсек, 3 жана 4 жашар балдардын энеси наристелерин Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калганын жана ага издөө жарыялоо суранычы менен окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу 2015-жылы 12-октябрда кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nazikbaigazy
2016-03-21 11:01:15
Рахмат супер инфо, ушулардан кабар алышынарды сурандым эле
+3
Mahabbat
2016-03-21 12:10:28
Ал келидин куйоосу жокпу?
+3
eliz-an86
2016-03-21 19:54:24
Чырактай балдарын таштаганга кантип дити барат? Таш боор экен, бечара наристелердин куноосу не? Ата соройу кайда Болду экен?
+1
AIZAD
2016-03-21 21:36:14
Минтип таштап иштеп кеткендер толтура го, чекесинен табылат. буга эле эмне мынча тийиштинер?
0
sabyr86
2016-03-22 09:51:21
Миңдеген мигранттын балдары кыргызстанда,бир жылда келишсе келет келбесе жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан