Баткен облусунда 3 миллион 672 миң сомго бааланган баңгизат менен эки адам кармалды. Муну Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 18-март күнү аталган кызматтын кезектеги атайын иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында Баткен облусунун Кулунду айылынан 60 жаштагы М.Ш. аттуу жаранга тийиштүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде Тажикстандын 43 жаштагы М.С. аттуу жараны да бар болгон. Алар баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендиктен токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда ичинен 11 грамм апийим, 8 килограмм 573 граммдан ашуун гашиш табылган. Табылган зат болжол менен 3 миллион 672 миң сомго баалана турганы белгиленген. Кармалган адамдар бул заттарды Ооганстандан алып келе жатышкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын буга окшогон кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.