Баткен. Лейлек районунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза таап, 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алды

Лейлек районунда жол кырсыгы катталып, 2 аял каза таап, 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына маркумдардын тууганы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-мартта Лейлек районунда орун алган. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Лексус унаасынын эки жүргүнчүсү (аялдар) оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Унаанын айдоочусу жана унаадагы 2 кичинекей бала ар түрдүү жаракаттарды алып аймактык ооруканага жеткирилген, алардын абалы оор бойдон калууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, КамАЗдын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Лексус менен сүзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baby_kg
2016-03-21 12:12:46
Imenno kaisyl jerinde boluptur?tak maalymat bolso bolushup koisonor....
+1
Inna_91
2016-03-21 15:17:48
Лейлектин кайсы жеринде болгон экен кудай сактасын
0
Aduk_aksuu
2016-03-21 15:31:51
Кудай сактай кор , Лейлекте мындай окуялар болчу емес еле
0
Munar8625
2016-03-21 22:41:09
Лейлекте емес Рават Актатыр жолунда, Туман болгон 2 метр даже корунбогон .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан