Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылды:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан жаздын келишинин, жаратылыштын жаңылануусунун башаты болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кылымдар кыйырынан келаткан Нооруз – илгери үмүттүн, тынчтыктын, токчулуктун жарчысы. Абалтан ата-бабаларыбыз күн менен түн тогошкондо элди биримдикке үндөп, касташканды жараштырып, достошконго ымала арткан. Жараткандан баба дыйкандын ак эмгеги молчулукту камсыз кылышын тилеген. Бүгүн дагы ошол жөрөлгөнү улай, Улустун улуу күнүн адам баласын арууланткан асыл ой, жаркын келечекти көздөгөн арымдуу максаттар менен тосуп жатабыз.

Кылымдарды карыткан улуттук маданиятыбызды жана көөнөргүс тарыхыбызды аздектеп, мамлекеттүүлүктү бекемдөө ишин тереңдетип уланта берели. Бейпил жашообуздун түбөлүгү түз болсун. Кудай буюрса, ынтымагыбыздын аркасында бардык убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, телегейи тегиз, өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошулабыз.

Дагы бир ирет Нооруз майрамыңыздар менен!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан