Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Нооруз салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Элдик майрам салттуу түрдө Умай эненин катышуусу менен башталып, кыргыз элинин, жеринин жаркын келечегине, бакубат жашоосуна арналган каалоолор менен ачылды. Шаар башчысы Албек Ибраимов өз сөзүндө буларды айтты:
"Урматтуу шаар тургундары, ардактуу коноктор! Сиздерди жаркыраган жаз майрамы - Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Элибиз жылдын, жаратылыштын жаңырышы катары кадырлап тосуп келген улуу күн - Нооруз майрамы жергебизге тынчтык, элибизге ырыс-ынтымак тартуулап, ыйык Ала-Тообуздун асманы ачык болсун!
Нооруз майрамында ар улуттун көргөзмөсү уюштурулуп жатканы бизди кубандырат. Акыркы жылдары Ноорузду майрамдоо бир гана түрк, перс тилдүү элдерде, бүтүндөй мусулман калкында эмес, дүйнө жүзүндө да кеңири кулач жаюуда. Анткени бул майрам адамдарды гумандуулукка, ынтымак менен тынчтыкка, сабырдуулукка чакыргандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Сиздерге жаз айындай жаркын маанай, мээрими төгүлгөн, ырыс-дөөлөттүү узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм".
Учурда тургундарга сүмөлөк таратылып, шаңдуу концерт болууда. Көргөзмөлөр уюштурулуп, анда кыргыз элинин улуттук тамактары көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле аянтта эки жаштын баш кошкону өзгөчөлүк тартуулады.