Бүгүн, 21-мартта борбор калаада Нооруз майрамына карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүштү. Майрамдык иш-чаралардагы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 2850 милиция кызматкери тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү негизги майрамдык иш-чаралар өтүүчү "Ала-Тоо" аянтынын аймагында иш алып барышат. Ошондой эле “Аккула” ат майданында өтүүчү ат оюндарында да күч органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери эртең мененки саат 07:00дөн баштап борбордогу майрамдык салтанаттар аяктагыча иш алып барышмакчы.