Борбордо дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн Ноорузга карата тамак-аш жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмө-жарманкеси ачылды (фото)

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата борбор калаанын эски аянтында өлкөдө жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн көргөзмө-жарманкеси ачылды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири - Бишкек мэриясы.

Көргөзмө-жарманкеге өлкөдөгү 21 элчилик катышып, ар улутка тиешелүү болгон сувенирлер, кол өнөрчүлүк буюмдары, дизайнерлик кийимдер, экологиялык таза азык-түлүктөр, китептер көргөзмөгө коюлган. Жарманкеде ар түрдүү тамак-аштар сатылып, андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жөнөтүлөт.

Майрамдык иш-чаранын алкагында боз үй тигүү, чий куурчак жасоо жана ала кийизди иштеп чыгуу боюнча тематикалык мастер-класстар уюштурулуп, тогуз коргоол жана ордо улуттук оюндары өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан