Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу 21-март күнү SUPER.KG порталына Токтогул РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 19-март күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 393-чакырымында жол кырсыгы катталган. Аталган каттам менен бараткан Мерседес Акрос үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу унаасын башкара албай калгандыктан унаа оодарылып кеткен. Унаанын айдоочусу Чүй облусунун Аламүдүн районунун 50 жаштагы тургуну болгон. Аталган кырсыктан жабырлануучулар болгон жок.