Бишкекте “Шаардын жолдорун өзүбүз боёйбуз” аттуу акция болот. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Айбек Баратов билдирди. 6-апрелде өтүүчү бул акцияда борбор шаардагы жолдордун жөө адамдар кесип өтүүчү жерлери боёлмокчу. "Азырынча акция кайсы көчөлөрдө боло тургандыгы так аныктала элек, бирок катышууну каалагандардын баары келсе болот. Айдоочуларга тоскоол болбойбуз, алдын ала оңдоо иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу жол белгилерин коюп коёбуз. Бизге азыр каражат жактан жардам керек болууда, анткени керектүү шаймандарды толук сатып алышыбыз керек",- дейт уюштуруучу.