Бүгүн, 21-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Чек ара нааразычылыгы боюнча кыргыз тараптын нотасына расмий Ташкент жооп кайтара элек. Төрт күндөн бери кыргыз өкмөтү жооп күтүүдө, Өзбекстандын жооп кайтарары же кайтарбасы азырынча белгисиз. "Нооруз майрамына карата коопсуздук күчөтүлдү" дегени чын болсо, өзбекстандык чек арачылар бүгүн-эртең аскердик техникалары менен кошо аймактан чыгып кетиши керек.
Өзгөрүүсүз турган кырдаал 21-мартка карата кичине өзгөрдү... Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин Чала-Сарт аймагында турган аскерлердин саны кыскарганы, учурда эки жактан 8ден гана аскер калганы маалымдалды. Төрт күндөн берки жалгыз өзгөрүү ушу... Абал туруктуу, бирок курч бойдон калып жатканын жергиликтүү жашоочулар, активисттер айтышууда. Мындай кырдаал качанга чейин созулары бүдөмүк...
Өлкө жарандары бүгүн Нооруз майрамын белгилешти. Жер-жерлерде жаз майрамынын символу - сүмөлөк кайнатылып, майрамдык иш-чаралар, концерттер өттү. Аймактык администрациялардын жетекчилери майрамдын алкагында куттуктоолорун айтышып, кыргыз мамлекетине тынчтык, элге биримдик, ынтымак каалашты. Борбор шаардын тургундарынын маанайы жакшы.
Сейил бактарда, шаар көчөлөрүндө Нооруздун илеби байкалып, жаш балдардан тарта аксакалдарга чейин көңүлү куунак. SUPER.KG порталынын кабарчылары бүгүн шаардыктардын жана аймак жашоочуларынын майрамдык маанайын башкалар менен бөлүшүү кызматында болушту. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аксы районунда да майрам жакшы маанайда белгиленди... Майрам - тынчтыктын жарчысы жана жемиши.
Белгилүү диний эксперт Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөрдүн бири Тилек Алибек уулу Түркиядан Бишкекке алынып келингенин Ички иштер министрлиги билдирди. Аны Кыргыз Республикасына ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп келишип, кылмышка шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Түркиядан кармалган экинчи шектүү жаранды да экстрадициялоо маселеси каралып жатканы айтылды.
Маликов "Ислам мамлекети" тобунун аракеттерин ачык сындаган адистердин бири. Өзүнө кол салууну эксперт диний ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмышкерлердин мыйзамдуу жоопко тартылышын талап кылууда.
Ош облусунда чагымчылдык кылып, интернет түйүндөрүнө маалымат тараткан жарандар кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Ош ОИИБинин билдиришинче, 20-мартта интернет желесине элди Аксы районуна барууга чакырык жасаган 59 секундалык видео жарыяланган.
Анда жашы 25-30 жаштагы кыргыз улутундагы жаран унаасында бара жатып Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин чечүүгө элди үндөгөн. Тасманы тарткан жана тартылган адамдар сурак беришүүдө.
Өлкө жетекчилиги жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуулукка чакырууда.