Баткенде "өз агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн" деп шектелген жаран эки айга камакка алынды

Баткен шаарында "өз агасын жана жеңесин бычактап өлтүргөн" деп шектелген жаран Баткен райондук сотунун чечими менен бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 21-март күнү Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. аталган райондук соттун чечими менен “киши өлтүрүү” жана “эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү” беренелери менен айыпталып, эки айга камакка алынды.

Эскерте кетсек, 15-март күнү кылмышка шектүү Б.С. аттуу жаран Баткен шаарындагы базарда эт сатып иштеген бир тууган агасынын сол көкүрөгүнө бычак сайып жиберген. Андан соң бир тууган агасы жашаган үйгө барып, Б.А. аттуу жеңесинин сол көкүрөгүнө бычак сайган.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHATY
2016-03-21 17:38:16
2 ай?!!!
0
salam.kyrgyzstan
2016-03-21 20:14:48
SHATY,емнеге ушу еки ай десе еле тан кала бересинер?????Сот тергоо бутконго чейин санкция берет.Уй камагына чыгарат же камакта калтырат.Анан ошол эки айдын ичинде тергоо болуп делосу анан сотко барат.Сот ошол делону карап анан акчасы болсо чыгарат акчасы жок болсо очойто соттойт.Эми тушундунбу кичине??тушунбосон кайра кел!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан