Колумбиянын эң семиз адамы Оскар Васкес Моралести салмагын азайтуу үчүн ооруканага өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы менен алып келишкен. Пальмира шаарынын 400 килограммдык жаранын унаага салуу үчүн 20 адам жардамга келген. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы бүгүн, 21-мартта жазып чыкты.
Ашыкча семирүүдөн улам ден соолугу начарлаган 44 жаштагы Моралеске тез арада медициналык жардам керек болгон, бирок ал өз алдынча үйдөн чыга алган эмес. Жергиликтүү кайрымдуулук ооруканасына келгенден кийин анын ден соолугу жакшыргандыгы айтылууда. Эми ал диетолог, психолог, терапевт жана гастрохирургдардын көзөмөлүнөн өтүшү керек.
"Үй-бүлөм сыртка чыгып кеткенде мен жалгыз калам. Ары-бери кыймылдай албайм. Бир нече кварталга чейин болсо да өзүм басып сейилдеп, бир тууган агаларымды аябай көргүм келет",- деген 4 жылда 300 килограммга арыктагысы келген Оскар Васкес Моралес. Анын айтымында, ата-энеси каза болгон соң депрессияга түшүп, толуп баштаган.