Бильярдчы Каныбек Сагынбаев мелдештен автоунаа утуп алды
25-мартта Бишкекте “Көк-Жар” бильярддык залынын ачылышына карата уюшулган бильярд боюнча мелдеште баш байгеге коюлган Volvo 440 үлгүсүндөгү унааны Каныбек Сагынбаев утуп алды. Мелдешке Казакстан жана Кыргызстандан 64 кий чебери катышып, 3 күнгө созулду. Финалдык оюн Каныбек Сагынбаев менен Зайлан Адамовдун ортосунда өтүп, 6:4 эсебинде жеңиш Каныбекке буюрду. Мелдештин өзгөчөлүгү Кыргызстанда биринчи жолу автоунаа коюлган бильярд мелдеши болду. Ошондой эле уюштуруучулар кийинки жылдары да унаа коюп, салттуу мелдешке айлантуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун айтышат.