Борбор калаадагы батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү саат 10:50 чамасында 3-кичи райондогу батирлердин биринин эшиги ачылбай жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген куткаруучулар эшикти ачып кирип, батирден 80 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.