Бишкекте коомдук унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти

Бишкекте коомдук унаанын айдоочусу 5 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 19:27 чамасында "Тез жардам" кызматына "Дэн Сяопин көчөсүнөн 5 жаштагы баланы №212-коомдук унаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери баланын баш мээси чайкалып жана башынын оң жагынан жаракат алганын аныкташып, аны тез арада ооруканага жеткизишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
radyakiz
2016-03-22 13:00:01
Кудай сактасын,ушул маршруткачылар жинге тийишти.гаиге арыз жазса бат эле табышат го #212 ден таап алышат да.
0
Gul.08
2016-03-22 13:15:39
Эркектер калбай баратат тооба...эмне качышат?-кыныр иш кырк жылда билинет дечу эле-азыр кырк секунтта Эле табылат ...кудай жазалайт
0
sabyr86
2016-03-22 18:33:12
Дагы коомдук унаа айдайт имиш.ошончо элди деле өлтүрүп алып качып кете турган неме го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан