Социалдык өнүктүрүү министрлигинде Евразия бажы биримдигине кирүү тууралуу тегерек стол өтүп жатат

Бүгүн, 26-мартта КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинде тегерек стол өтүп жатат. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, анда "Евразиялык экономикалык интеграциянын жолундагы социалдык коргоонун көйгөйлөрү жана перспективалары" аттуу темада талкуу жүрүүдө. Иш-чараны Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов ачып, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү оң жана терс жактары, биримдикке кирсек мамлекеттеги калктын аялуу катмарына кандай таасирин тийгизери тууралуу сөз сүйлөдү. Жыйынга аталган министрликтин адистери, Байкоочу кеңешинин өкүлдөрү катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан