Күбө: “Данияр Дунганов 7-апрель окуясында элге ок атууга буйрук берген”

Бүгүн, 26-мартта 7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан кезектеги соттук отурумда кошумча күбө катары Марипа Алыйкулова аттуу айым көрсөтмө берди. “Ак үйгө келгенибизде милиция кызматкерлери элге каршы көздү ачыштыруучу затты колдонушту. Саат 13:00дө Ак үйдүн Чүй-Панфилов тарабындагы дарбазасы ачылып, 7ге жакын адам короонун ичине кирдик. Мен ал убакта имаратты курчап турган аскерлер менен сүйлөшөйүн деп ойлогом. Ошондо аскерлердин рациясынан “иттерди жок кылгыла” деген буйрукту укканда өзүмдү жоготуп койдум. Мен рациядан Рустам жана Дунганов деген адамдардын ысымын уктум, алар "ок аткыла" деген буйрук берип жатышты. Мындан кийин элге карай ок чыгаруу абдан күчөдү”. Ал ошондой эле Ак үйдүн чатырынан снайперлерди көргөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Basmachy111
2013-03-26 14:16:33
Данияр ким эле озу?
0
Delicacy
2013-03-26 16:04:22
Мен тушунбой калдым. Данияр Дунганов кубо болсо, а ал кантип солдаттарга "аткыла" деген буйрук берип жатат?
0
Шаиста Шатманова
2013-03-26 16:18:20
Delicacy, Данияр Дунганов айыпталуучу. Күбө ал адамдын ысымын, рациядан берилип жаткан буйругун укканы тууралуу айтып жатат.
0
altyn1707
2013-03-26 18:41:47
Delicacy, кубо марипа болуп атат ко.
0
altyn1707
2013-03-26 18:44:15
Эмнеге эле 7 апрель бутподу. Андан коро Ош окуясындагы мыкаачыларды издеп кармашпайбы. Мен нааразамын сотторго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан