Дүйнө жүзү боюнча бир секундада миллиарддаган сүрөттөр тартылат. Учурда жагымдуу жана эсте каларлык сүрөттөрдү тартып интернеттеги социалдык тармактардагы достор менен бөлүшүү өтө популярдуу ишке айланды. Алардын басымдуу бөлүгү көпчүлүк көрө элек жерлерде, ойго келбеген ракурста, кайталангыс сүрөткө түшүүгө умтулушат. Себеби күнүмдүк тамактар, кадимки коноктогу сүрөттөр менен кимдир бирөөнү таң калтыруу мүмкүн болбой калды. Төмөндө Жердин ар кайсы жагынан тартылып, жүрөк үшүн алган сүрөттөр жарыяланды. Алардын жаратуучуларына жөн гана ийгилик жылмайган же алар өз ишин мыкты билген сүрөтчүлөр.
Перудагы байыркы инк элдеринин соода жолундагы тепкичтери. Бул аймакта эки тоо бар: Мачу-Пикчу жана Хуайна-Пикчу. Экинчи тоонун чокусу деңиз деңгээлинен 2720 метр бийиктикте жайгашкан, ал эми Мачу-Пикчу тоосунуку андан 360 метрге төмөн. Тоонун боорундагы бул тепкичтердин туткасы жок. Алардын көбү жөн гана тоо же чеп бетинен оркоюп чыгып турса, кээ бирин жерди оюп жасашкан.
Бир тарабыңда түпсүз жар болсо, бир тарабыңда кармана тургандай эч нерсеси жок чеп. Тоодогу байыркы инк элдеринин жолуна оордук келтирбөө максатында күнүнө 400 гана адам чыгарылат. Айрым туристтер бул тепкичтерди көрүп, жолунан артка кайтышат.
Эквадордогу "Туңгуюктагы селкинчек". Бул аттракционго атайын келген саякатчылар көп. Селкинчек туңгуюктун үстүндө экстремалдар үчүн жайгашкан. Анда отуруу жашоодон айрылууга жакындатат.
Селкинчекке келгендер сөзсүз түрдө сүрөткө түшүп интернет ааламына илишет. Андай саякатчылардын айтымында, Эквадордогу Тунгурауа жанар тоосун булут каптап турган кезде селкинчекке отуруп убакыт өткөрүү керемет. Албетте, селкинчектин жиби үзүлүп же аны кармап турган ичке темири кыйылып кетип, андагы адамдын тирүү калуу мүмкүнчүлүгү болбой калары тууралуу ой келбей койбойт. Бул эрмек коркоктор үчүн эмес.
Алекс Хоннольд АКШнын Йосемити Улуттук паркындагы Воткинс тоосуна коопсуздукту камсыз кылчу каражаты жок чыгып бара жаткан учуру. Бул парктын жаратылышына адамдын колу тийген эмес. Жылына 3 миллиондон ашуун турист келгени менен, парктын аймагынын 89 пайызына кирүүгө тыюу салынган.
Норвегиядагы Троллтунга деп аталган жай. Кыргызчага "Троллдун тили" деп которулуп, аталышына айкалышып турат. Туристтер арасында атактуу жер болуп эсептелинет. Бул кырды миңдеген жылдар бою муздар курчутуп жасаган. Троллтунга дагы канча убак кармалары белгисиз. Эч ким андагы акыркы турист болгусу келбесе керек.
Гавайидеги лава агып жаткан сууда кайыкта сүзгөн экстремал. Килауэа жанар тоосу 600 миң жыл мурун пайда болгон. Анын акыркы атылуусу 1983-жылы башталып, азыркыга чейин уланып, тарыхта эң узакка созулган атылуу болуп эсептелинет. Жанар тоонун бул атылышында 190 чарчы метр кургактык пайда болгон. Учурда дүйнө жүзүндөгү эр жүрөктөр Тынч океанга 1000 градус менен куюлуп жаткан лаванын булагынан бир нече гана метр алыстыкта сүзүп өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Техастагы Иаковдун кудугуна секирип жаткан балдар. Кудуктун оозу тоголок болуп, диаметри 4 метрди түзөт. Анда миңдеген тонна таза суу бар. Иаковдун кудугун алгачкы тургундар 1850-жылдары табышкан. Кудуктан таза, муздак суу чыгып тургандыктан, булакты бейиштей кабыл алышкан. Ошондон бери көптөгөн муундар үчүн сууга түшүүчү жерлердин эң мыктысына айланган. Иаковдун кудугунда бир жылда 8 суучул каза болсо да, дайвинг жана экстремалдын сүйүүчүлөрүнүн арасында популярдуулугун жоготпойт.
Кудук Техас штатындагы эң терең үңкүрлөрдүн бири, анын тереңдиги 40 метрдей. Кудуктан чыккан суунун агымынын ылдамдыгы жогору болгондуктан, анын түбүнө түшүү мүмкүн эмес болчу. Бирок көптөгөн жылдар бою суунун агымы начарлап, дайверлерге тереңдеп кирүүгө мүмкүндүк түзүп берген. 2000-жылы агым такыр токтогон. "Бул баарыбыз үчүн өкүнүчтүү болгон. Биз анын соолуп калышын каалабайбыз", - дейт жергиликтүү тургун Дэвид Бейкер. Тургундар менен жергиликтүү бийлик биргелешип урпактар үчүн кудуктун айланасын Улуттук паркка айландырышкан.
Азезилдин көлмөсү жашоо даамын кайтарат. Адреналин алгысы келгендердин бири көк тиреген көп кабаттуу имараттардын чокусуна чыгышса, бири акваланг менен суунун түбүнө түшкүсү келет, ал эми белгилүү болгон Азезилдин көлмөсүндө бул экөөнү тең айкалыштырса болот. Көлмө Зимбабве менен Замбиянын чегиндеги Виктория шаркыратмасынын кырында жайгашкан. Ага сентябрь-декабрь айларында суу аз кезде түшүү керек. Шаркыратманын кырындагы оркоюп турган чоң таштар өтө кызыгып кеткендерди кулап кетүүдөн сактап турат. Көлмөгө түшкөндөр күндүн ысыгында, баш айланткан бийиктикте чоң шаарларда жоголгон жашоонун даамын сезе алышат.
Интернет ааламына "Көк кит адамды жеп коё жаздады" деген аталышта сүрөт жүктөлгөн. Бирок көк кит эч качан адамды жеген эмес. Жер жүзүндөгү эң чоң жаныбарлардын бири. Анын узундугу 33 метрди түзсө, салмагы 150 тоннадан ашат, бир гана тилинин салмагы 4 миң килограмм. Суткасына 40 миллион майда муунак буттуу жандыктарды жейт. Бул чоң гигант Антарктикадан Арктикага чейин жашачу. Тилекке каршы, кит уулоочулардын "сиңирген" эмгеги менен 8 миңдейи гана калган. Бүгүнкү күндө көк кит Эл аралык Кызыл китепке киргизилген. Алар бир гана адамдын колунан өлүшпөйт, мындай чоң сүт эмүүчү өзүнүн деңиздеги кошуналарынын да курмандыгы болот. Көк китке косаткалардын үйүрү кол салган учурлар катталган.
Көк киттер 2-3төн же жалгыз жүрүшөт. Жээкке жакындабаганга аракет кылышат. Алардын сүзүү ылдамдыгы саатына 9-13 чакырым, эң катуу ылдамдыгы 25 чакырымды түзөт. Киттер чыдамкай болгондуктан, бир нече күн токтобой сүзүп кете бериши мүмкүн. Бирок анын күчтүүлүгүнө карабастан, адамдын жардамына муктаж.