Бишкекте "коомдук унаадан акча уурдаган" деген шек менен 34 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 16:00 чамасында №344-коомдук унаадан белгисиз адам чөнтөгүнөн 3 миң сомун уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 34 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.