Борбордо "дүкөндүн эшигин талкалап, дүкөнчүнүн денесине залал келтирген" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаада "дүкөндүн эшигин талкалап, дүкөнчүнүн денесине залал келтирген" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 22 жаштагы А.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал саат 01:30 чамасында белгисиз адам борбордогу дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.Н. аттуу шаар тургуну кармалган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mambo-1984
2016-03-22 12:11:40
Мындайлар аябай кучодуго уйго дуконго кирген урулар кармап жазасын бериш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан