Борбор калаада унааны айдап качууга аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 31 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал саат 23:00 чамасында үйүнүн жанынан белгисиз адамдар Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын айдап кетүүгө аракеттенишкенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.А. аттуу Бишкектин тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.