Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Ш.С. милицияга кайрылган. Ал 18-март күнү болжол менен саат 01:00дө Ала-Тоо-2 жаңы конушунда Кана аттуу бала аны зордуктап кеткенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринин алкагында фактыга шектелип ошол эле конуштун 28 жаштагы С.К. аттуу тургуну кармалган. Азыркы тапта аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.