Чүй облусунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 19-мартта саат 22:40 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында болгон. Анда Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унааны башкарган 31 жаштагы С.Р. аттуу шаар тургуну батышты көздөй баратып 44 жаштагы К.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургунун сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилип, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан