Ысык-Ата районунун тургунунун үйүнөн 4,5 килограммдан ашуун баңгизат табылды

Ысык-Ата районунун тургунунун үйүнөн 4,5 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 20-март күнү Жер-Казар айылынын 41 жаштагы Л.Н. аттуу тургунунун үйү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда аталган жарандын үйүнөн 3 килограмм 524 грамм гашиш жана 1 килограммдан ашуун кургатылган кара куурай табылган. Мыйзамсыз түрдө баңгизатты жүгүртүү фактысына шектелген жаран Ысык-Ата РИИБине жеткирилип, учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан