Токмок шаарында унаа уурдоого шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу 22-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган шаардын 28 жаштагы тургуну арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал 19-март күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн алдына токтотулган Тойота Форанер үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкенин билдирген.
Ыкчам издөө иштеринин алкагында Токмок шаарынын 18 жаштагы Ы.А., 17 жаштагы А.Р., 16 жаштагы А.Р. аттуу тургундары кармалышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.