Нооруз майрамынын урматына 23-мартта Германиянын Мюнхен шаарында Бавария федералдык аймагында жана коңшулаш шаарларда жашаган 100дөн ашуун кыргызстандыктардын салтанаттуу жолугушуусу болду. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандыктар Германиядагы жашоосу, иши жана окуулары тууралуу пикир алмашышты. Кечеде куттуктоо сөздөр айтылып, ыр-бий менен коштолду жана улуттук тамак-аштар тартууланды. Мюнхенде жашаган кыргызстандыктар тарабынан уюштурулган салтанатка КРнын Германиядагы консулу катышуучуларды майрамы менен куттуктап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.