Кытайда "супер баатыр" метродо семичке чаккан жаранды аёосуз сабап салды

Интернетте метродо семичке чаккан баланын аёосуз сабалганы тууралуу видео популярдуу болууда. Анда метродо жайма-жай семичке чагып бара жаткан балага жүргүнчүлөр коомдук жайда тазалыкты сактоо керектигин улам эскертишет. Бирок бейбаш бала аларды укмаксанга салып, семичке чагуусун улантат. Анысы аз келгенсип жүргүнчүлөр менен кер-мур айтышууга чейин барат. Бул убакта ары жактан брондолгон кийим кийген "супер баатыр" чыгып келет да, семичке чаккан баланы балка менен сабап кирет. Алган жаракаттарынан улам ал жерге жыгылат.

"Экинчи метродо семичке чакпа!"- деп эскертет "супер баатыр".

Кытай маалымат каражаттарынын билдиришинче, метродогу бул окуяга милиция кызматкерлери да аралашып, тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок видео поезддерде таштанды таштагандарга таасир этүү максатында атайын тартылгандыгы аныкталган. Далил катары күндүн "жабырлануучусу" жана "супер баатырдын" чогуу күлүп түшкөн сүрөтү жарыяланган.

Метродо семичке чаккан бала аёосуз сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maku88
2016-03-22 15:39:05
Ааии малоток менен салгалап жатабы
+3
Niet.
2016-03-22 15:58:13
подставага окшош ко
+1
nursultan67
2016-03-22 16:06:39
Атайын тартылган деп жазылып туратко
+4
ZAIYR
2016-03-22 16:10:15
Бул атайын эле элдерге корунуш учун) "атын чыкпаса жер ортто" дегендей. (Ырсйдым)))))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан