Нью-Йоркто “БУУнун үлгүсү” деп аталган жыйында студенттерге Кыргызстан жөнүндө маалыматтар берилүүдө

25-март күнү Нью-Йорктогу КРнын БУУ алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүндө АКШнын Миннесот штатындагы Касиеттүү Катерина университетинин студенттери үчүн жыйын башталды. Келген студенттерге 25-марттан 28-мартка чейин өтүүчү жыл сайын болуп келген “БУУнун үлгүсү” деп аталган жыйында Кыргызстан жөнүндө маалымат берилди.  

Жыйындын жүрүшүндө туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери БУУнун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жана долбоорлорду, программаларды ишке ашырууда Кыргызстандагы уюм, коомдор менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө маалыматтар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан