Бүгүн, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги аэропорттогу жардыруудан 17 адам каза болуп, 10дон ашууну жаракат алды. Бул тууралуу кырсык болгон жерде иштеген өрт өчүрүүчү кызматкерлер билдиришкенин ТАСС басылмасы жазып чыкты. Алардын айтымында, жеңил жаракат алгандардын санын тактоо оор.
Бүгүн эртең менен Брюсселдеги аэропортто 2 жардыруу болгон. Учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилген. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыруулардын алдында араб тилиндеги кыйкырыктардын жана атышуулардын үндөрү чыкканын жазышкан. Бирок теракт болгондугу расмий түрдө тастыктала элек.
Аэропорт борбор калаадан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан Завентем шаарында жайгашкан. Учурда бардык каттамдар жана аэропорт менен Брюсселдин ортосундагы темир жол байланышы токтотулган.