Бишкектеги Жылуулук электр станциясындагы өрттөн денесинен 90 пайыз күйүк алган жаран каза болуп калды

Бишкек шаарынын Жылуулук электр станциясындагы өрттөн денесинен 90 пайыз күйүк алган жаран каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына Жылуулук электр станциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, денесинен 90 пайыз күйүк алган 1957-жылы туулган жаран бүгүн түшкө маал каза болуп калган. Ал 2010-жылдан бери станцияда иштеп келген. Учурда анын үй-бүлөсүнө тиешелүү колдоо жана материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти ишкананын басма сөз кызматынан. Ал эми денесинен 12 пайыз күйүк алган экинчи кызматкердин абалы туруктуу.

Айта кетсек, 17-февраль күнү саат 16:00 чамасында Жылуулук электр станциясындагы көмүрдү майдалоочу тегирмендин ичинен белгисиз жагдайлардан улам өрт чыгып, анын кесепетинен Новопокровка айылынын В.В. аттуу тургунунун башы, моюну, бети жана денесинин 90 пайызы күйүп калган. Андан сырткары Ю.Г. башы, денесинин өйдө жагы, денесинин 12 пайызы 1-2-3 даражадагы күйүк алып, борбордогу ооруканалардын биринин күйүк бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azura
2016-03-22 15:54:16
RIP
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан