Баткендеги таштандыдан жансыз денеси табылган адам Ноокен районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу 22-март күнү Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 17-март күнү саат 14:30 чамасында Айдаркен шаары менен Эшме айылынын ортосундагы таштанды таштоочу жайдан киши колдуу болгон эркек адамдын денеси табылган. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголгон. Табылган адамдын аты-жөнүн тактоо боюнча ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 20-март күнү маркумдун өздүгү аныкталды. Ал Ноокен районунун Арал айылынын 28 жаштагы Сейитбек Эсеналиев аттуу тургуну экени белгилүү болду. Бүгүнкү күндө тергөө иштери улантылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.