ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: Мындан 6 жыл мурун советтик жана орусиялык ырчы Валентина Толкунова 63 жашында оор илдеттен каза болгон

Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы 22-мартта советтик жана орусиялык ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти Валентина Толкунова 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Валентина Толкунова Краснодар крайынын Армавир шаарында 1946-жылы 12-июлда туулган. Валентина 1 жашка чыкканда ата-энеси Москвага көчүп келген. Музыкага кызыгуусу бала чагынан эле башталган. Мектепте окуп жүргөн кезде алгач балдар хорунда, кийинчерээк Темир жолчулардын борбордук үйүнүн ансамблинде ырдай баштаган. Ал эми бой жеткенде ал Москва мамлекеттик искусство институтунун дирижёр-хордук бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайда билим алып жаткан учурда вокалдык-инструменталдык оркестрде (ВИО) сынактан өтүп, ошол жерде жаз инструменталдык музыкасында ырдаган жана солист-вокалист катары 5 жыл эмгектенген.

В.Толкунованын популярдуулугу алгач Лев Ошаниндин чыгармачылык кечесинде Владимир Шаинскийдин "Ах, Наташа" аттуу ырын ырдап чыккандан башталат. Чыгармачылыктын үстүндө талыкпай эмгектенген Валентина бир топ ийгиликтерге жетише алган. Элге жаккан "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа, мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең?", "Эски сөздөр", "Сүйүктүүм, эгерде согуш болбогондо", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", "Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн ырлары болгон. Ошондой эле музыкалык фильмдерде жана театрдык спектаклдерде 300дөн ашуун ырды ырдап чыкканга да жетишкен.

Талыкпаган эмгеги аны атактуулукка алып келген жана көптөгөн мамлекеттик, коомдук сыйлыктарга ээ болгон. Ийгилик коштогон ырчы 23 жолу "Жылдын ыры" телесынагынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Валентина балдар үчүн мультфильмдерде да ырдаган: "Портто", "Простоквашинодо кыш" мультфильминде, "Эгер кыш болбосо" ыры, ошондой эле "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" көрсөтүүсүндө, "Чарчаган оюнчуктар уктап жатышат" ырлары.

Валентина Толкунова Беларустагы Могилёвдун концертинен кийин, тактап айтканда, 2010-жылдын 16-февралында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда келип түшкөн. Көп өтпөй "мээнин залалдуу шишиги" диагнозу коюлуп, бул дүйнө менен кош айтышкан.

22-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан